Соңку жумада маймыл чечек илдети 20 пайызга көбөйдү

Соңку жумада маймыл чечек илдети 20 пайызга көбөйдү

Маймыл чечек илдетинин саны акыркы жумада 20%га өстү. Оору планетанын бардык жерине жайылып бара жатат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча маймыл чечек оорусу Европа жана Америкада көп катталган.

«92 өлкөдө жана аймактарда маймыл чечек оорусунун 35тен ашык учуру аныкталды. Өткөн аптада дээрлик 7,500 учур катталды, бул мурунку жумага караганда 20 пайызга көп, анын жүрүшүндө оорунун өсүшү 20 пайыздан ашты«, — деди ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы вирус үзгүлтүксүз катталып жаткан Африкадан тышкары тастыкталганын белгиледи.

Францияда эки жумалык эмдөө кампаниясы башталды. Бийликтегилер сексуалдык өнөктөштөрдүн санын азайтуу сыяктуу башка сактык чараларын көрүүгө чакырууда.

Быйыл жаздан бери маймыл чечек оорусуна чалдыккандар көбөйүүдө. Эң көп учурлар АКШ, Испания, Улуу Британия, Германия жана Францияда аныкталган. Июль айында ДСУ маймыл оорусунун чыгышын саламаттыкты сактоо үчүн өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездери шишип, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>