Бишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышат
300гө чукул бала Ысык-Көлдө эс алды
18.08.2022 | 19:59
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Ысык-Көлдө 297 бала үчүн жайкы эс алуу уюштурганын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан “Улан” Балдардын ден соолукту чыңдоо борборуна 297 бала барды.
Эс алуу Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан барган майыптыгы бар, жетим, ата-энесинин камкордугусуз калган жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн уюштурулду.
Жакын арада балдардын үчүнчү агымын ден-соолукту чыңдоочу жайга жөнөтүү күтүлүүдө.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар