Сөөгү сандыктан табылган аялдын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды

Сөөгү сандыктан табылган аялдын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды

Ош облусунда жарандык никедеги аялын өлтүрүүгө шектелип 49 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-декабрь күнү болжол менен саат 13:40 чамасында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө З.А. аттуу жарандын (аял киши) өзү жашаган үйүнөн сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан.

«Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө Кызыл-Шарк айылынын 36 жаштагы З.А. аттуу (аял) тургунунун өзү жашаган үйүнүн ички бөлмөсүндө турган сандыктын ичине катылып коюлган жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда, анын жаракаттары бар экендиги байкалган. Жаракаттарынын даражасын жана өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Кылмыш кодексинин 122-берененин негизинде (Адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган», — деп айтылат маалыматта.

14-декабрда бул кылмышка шектүү катары 49 жаштагы З.К. аттуу жаран Өзгөн районунун аймагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалымат боюнча, шектүү катары кармалган З.К. аттуу жаран мурда Казакстанда соттолгон, маркум жубайы экөө сегиз айдан бери жарандык никеде жашашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>