Жапаров Евробиримдиктин элчиси менен жолугушту

Жапаров Евробиримдиктин элчиси менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мэрилин Йосефсон менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Эки тараптуу кызматташтыктын жана аймактар аралык байланыштардын динамикасы жыл сайын сапаттык жактан өсүүдө, Кыргызстан менен Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү жогорулоодо. Биз Евробиримдик менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Жапаров белгилегендей, кыргыз тарап климаттын өзгөрүү кесепеттерин жумшартуу контекстинде «жашыл» экономикага трансформациялоонун жана ресурстарды үнөмдөө маанилүүлүгүн түшүнүү менен, аз көмүртектүү циклдүү экономиканын ийгиликтүү моделдерин киргизүү боюнча Евробиримдик менен кызматташууга кызыкдар.

«Ошондой эле биз региондун өлкөлөрү жана Европа биримдиги менен энергетикага тикелей инвестиция тартуу, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Жапаров Кыргызстандын жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү жана ЕБ өлкөлөрүндө ишке орношуу маселелерине токтолду.

Элчи Мэрилин Йосефсон өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди. Ал жашыл экономиканы жана санариптештирүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>