Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Сооронбай Жээнбеков “Азаттыктын” президенти Жейми Флайды кабыл алды
29.08.2019 | 19:15
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта «Эркин Европа/Азаттык» (RFE/RL) радиосунун президенти Жейми Флайды кабыл алды. Бул тууралуу Азаттык радиосу жазды.
Жолугушууда мамлекет башчысы “Азаттыктын” иликтөөлөрү коррупция менен күрөштө абдан маанилүү экенин айтты. Ошондой эле радионун туруктуу угарманы экенин белгилеген.
Мамлекет башчысы мындан сырткары Кыргызстан ар убак демократиянын принциптерин жана ачыктыкты жогору бааларын айтып, өлкөдө массалык маалымат каражаттарынын эркин жана толук кандуу иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттар бар экенин баса белгилеген.
Жейми Флай Кыргызстанга 28-августта келген. Буга чейин Тажикстанда, Казакстанда болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом