Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Сооронбай Жээнбеков Назарбаевди 80 жылдык мааракеси менен куттуктады
06.07.2020 | 13:36
Бүгүн, 6-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Назарбаевди 80 жылдык мааракеси жана Казакстандын борбор калаасынын күнү менен куттуктады.
Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, жакшы коңшулукту орнотуу жана бекемдөөдөгү жеке салымын дагы бир жолу белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат