14-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуЭнергетика министрлиги менен кытайлык China Southern Power Grid International ишканасы кызматташатКыргызстанда президенттик шайлоону январда өткөрүү сунушталган мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлдуАт-Башыда тоодо калып калган нидерланддык турист куткарылдыБишкекте Кореянын «Театр алдыга умтулат» театралдык программасы тартууланатКыргызстан менен Швейцария эл аралык автомобиль ташуулар боюнча келишимге кол коюшту
Сороонбай Жээнбеков Иркутскини суу каптаганына байланыштуу Путинге көңүл айтты
02.07.2019 | 14:16
Президент Сооронбай Жээнбеков Иркутск облусундагы суу каптоолордон улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясатты камсыдоо бөлүмү кабарлады.
“Иркутск облусундагы суу каптоолордун натыйжасында адамдардын курман болгондугу жана кыйроолор жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалай турганымды билдирип коюуну өтүнөм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.
1-июлда эртең менен облустун алты районунда 55 айыл-кыштак суу астында калды.
Рубрики: Жаңылыктар