ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Сот 27 жаштагы Жээнбековдун жардамчысын күнөөлүү деп тапты
21.07.2022 | 14:08
Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиеваны 2019-жылы чек арадан туура эмес өткөнү үчүн күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Кудайбердиеванын жактоочусу Бактыбек Автандил “Фейбугуна” билдирди.
Жактоочунун маалыматына ылайык, Айсулуу Кудайбердиева жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жазадан бошотулду.
“Айсулуу чек арачыга паспортун көрсөтүп, Тажикстан менен чек арадан мыйзамдуу түрдө өткөн. Айыптоо тарап анын чек арадан мыйзамсыз өткөнү боюнча эч кандай далил келтире алган жок”, – деп жазган жактоочу.

Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-февралда карай баштаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар