Сот активист Атай Бейшенбекти камакта калтырды — видео

Сот активист Атай Бейшенбекти камакта калтырды — видео

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган активист жана саясатчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын арызы каралууда.

Жактоочу Канат Хасанов активистти үй камагына чыгарууну өтүндү. Сот активист Атай Бейшембектин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Атай Бейшембек 20-декабрга чейин №1 тергөө абагында камакта болот.

“Бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты уят. Акыйкаттык үчүн ар дайым өз пикириңерди билдире бергиле”, — деди активист.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан кармалгандар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу) менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>