Шумахердин уулу Формула-1 жарышында дебют жасады

Шумахердин уулу Формула-1 жарышында дебют жасады

Легендарлуу айдоочу Михаэль Шумахердин уулу Мик Шумахер Формула-1 жарышында дебют жасады. Анын атасы 30 жыл мурун алгачкы жолу дүйнөгө белгилүү жарышта күч сынашкан.

21 жаштагы Мик Haas F1 Team командасына кошулду. Ал Ferrari Академиясынын айдоочуларынын мүчөсү болгондуктан, өткөн жылы Формула-2 чемпиондугун жеңип алган. 2018-жылы Формула-3түн чемпиону болгон.

«Бала кезимден баштап, ушул күндү 15 жыл бою кыялданып жүрдүм, эми ушул жердемин. Бул абдан эмоционалдуу жана жагымдуу учур. Менин атам 30 жыл мурун алгачкы жолу Формула-1 жарышына катышкан. Биз эркин машыгуулардан жана квалификациядан мүмкүн болушунча көбүрөөк билим алышыбыз керек, ошондо гана колубуздан келген бардыгын ишке ашыра алабыз”, — деген Мик.

Михаил Шумахер уулунун дебютун көрө алган. Ал 2013-жылы лыжа тебүүдөн кырсыкка учурап, башынан оор жаракат алган. Михаэль ооруканага жеткирилгенден кийин, 2014-жылдын июнь айына чейин ооруканада комада жаткан. Кийин аны калыбына келтирүү жана амбулатордук дарылоо үчүн үйүнө чыгарышкан.

Haas F1 Team командасынын аткаруучу директору Гюнтер Штайнер Миктен башкалардан айырмаланган натыйжа күтпөй турганын айткан.

“Бул жылы Микте чоң жыйынтыктар болбойт. Көбүрөөк үйрөнгөнү жана жарышка чыкканга даяр болгону эң негизги жетишкендик болот. Формула-2, Формула-3төгүдөй эле, ал бул жерде эки жылдай болот. Бул жерде  анын карьерасы башталат. Алгачкы жыл дайыма оор болот. Биз кийинки жылга басым жасап, окуяны шаштырбайлы деп чечтик”, — деген Штайнер.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>