Сот: Садыр Жапаров актала элек

Сот: Садыр Жапаров актала элек

Жогорку сот Садыр Жапаровго тагылган өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу өтүнүчүн карады. Жогорку соттун басма сөз кызматы бүгүн билдиргендей, иш каралып жатканда жараянга катышкан Башкы прокуратуранын өкүлү да Жапаров менен анын адвокатынын өтүнүчүн канааттандырууну суранган.

Кылмыш-процессуалдык кодекстин негизинде соттук коллегия Садыр Жапаровго карата мурда чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишин сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Башкы прокуратурага жиберди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгынын байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолууда.
6-октябрда «Достук» мейманканасында чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн билдиришкен.

Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2017-жылы кармалган. Кийин Жогорку сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>