Бишкек мэриясы «Олд Бишкек» комплексинин соода объектилерин мөөр басып жапты — эмне болду?Кыргызстан тигүү тармагын модернизациялоо үчүн жапон технологияларын изилдөөдөКүнгө кантип туура күйүү керек — Бишкек медиктеринин сунуштарыБишкектин Борбордук стадиону World Athletics сертификациясына даярдалууда — Курулуш министрлигиКыргызстан жүндү кайра иштетүүнү жана продукциянын экспортун арттырууну пландап жататИспания Францияны жеңип, ДЧ-2026 финалына чыкты
Соттолгон Дамирбек Асылбек уулу кайрадан шайлоого барат
12.10.2021 | 10:59
Аткезчилик боюнча соттолгон экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин БШКга тапшырды. Ал бир мандаттуу округдан Ак-Суу районунда шайлоого катышууга ниеттенүүдө.
Бир нече жыл мурун Дамирбек Асылбек уулу жана башка эки кыргыз жараны 2018-жылдын февралында Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматыда уюшкан кылмыштуу топторду жоюу боюнча атайын операциянын жүрүшүндө кыргыз-казак чек арасында кармалган. Ал алгач кошуна өлкөдө, андан кийин Кыргызстанда 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу 2020-жылдын 21-августунда түрмөдөн чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат