Советтик кинонун секс-символу Светличная уулу менен небереси аны ууландырууга аракет кылганын айтты

Советтик кинонун секс-символу Светличная уулу менен небереси аны ууландырууга аракет кылганын айтты

Советтик кинонун секс-символу деп аталган орусиялык актриса Светлана Светличная  аны уулу менен небересин сымап менен ууландырууга аракет кылды деп айыптоодо. Бул тууралуу ал НТВ каналындагы «Жылдыздар жакындады» берүүсүнүн эфиринде айткан.

Жакында эле небереси келгенден кийин, актриса батирден сымап шарларын таап, күтүүсүздөн өзүн жаман сезе баштаган.

«Мен майып болдум — азыр тизем, моюнум ооруйт. Бул атайын жасалган”, — деди Светличная.

Светличная уулунун аялы жана небереси Москванын борборунан батирлүү болууну каалап, аны өлтүргүлөрү келгенин айткан. 

2020-жылы апрелде Светличная телеканалдардын биринин кызматкерин 600 миң рубль уурдады деп айыптаган. Телекөрсөтүү тобу барган соң, анын үйүнөн акча жоголуп кеткен. 

Светлана Светличная көпчүлүккө Леонид Гайдайдын «Алмаз колу» фильминдеги Анна Сергеевнанын ролу менен белгилүү. «Жолугушуу ордун өзгөртүү мүмкүн эмес», «Жаздын он жети ирмеми» жана башка көптөгөн фильмдерде ойногон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>