Союзбек Надырбеков Мамлекеттик спорт агенттигинин башчысынын орун басары болуп дайындалды

28.04.2021 | 09:40

Союзбек Надырбеков Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Надырбеков Союзбек Надырбекович 1990-жылы 16-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында туулган.

Билими:

2008-2009 – “Манас” Кыргыз-Түрк Университети – эстрадалык вокал.

2009-2013 – Бишкек гуманитардык университети – Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер (корей).

2009-2012 – Чунг-Анг университети (Корея Республикасы) – ички жана тышкы саясат.

2015-2017 – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы – мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (“магистр” академиялык даражасы).

2017-жылдан азыркы учурга чейин – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы – саясий институттар (аспирантура).

Эмгек ишмердүүлүгү:

2020-2021 – “Республика-Ата Журт” фракциясынын катчылыгынын консультанты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши.

2018-2019 – Падыша Абдул-Азиз Төө фестивалынын координатору – Nomad Universe (Сауд Арабиясы).

2017-2018 – III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик ишкананын – катчылыктын адиси.

2016-2017 – өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаштар иштери боюнча кеңешчиси.

2015-2017 – Asia Children Charity эл аралык кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору.

2013-2015 – KGM туристтик компаниясынын башкы менеджери, азыр Luna travel.

2013-2015 – “Лидер” жаштар клубунун төрагасы.

Scroll to Top