Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Спартакта ким жүргөнүн прокуратура тактамай болду
22.09.2021 | 11:53
17-сентябрь күнү Бишкектеги “Спартак” стадионунда милиция кызматкерлери формасыз митингге каршы топтошуп турду беле? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйында башкы прокурор Курманбек Зулушевге узатты.
Башпрокурор ал боюнча маалымат жоктугун жана бул маалыматты социалдык тармактардан жаран катары гана көргөнүн, бирок, бул боюнча маалыматты тактап берээрин депутатка убадалады.
17-сентярбь күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митинг уюштурат деген маалымат тарап кеткен. Ошол күнү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда чымыр денелүү спортчулар чогулуп жатат деген маалымат тарап, сүрөттөрү чыккан.