Депутат спорт менен машыгууну модага айлантууга чакырды

Депутат спорт менен машыгууну модага айлантууга чакырды

Бүгүн, 4-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Атазов спортту өнүктүрүү маселеси боюнча кайрылуу жасады.

Депутат спортко бөлүнүп жаткан каражаттар, машыктыруучуларга жана спортчуларга түзүлгөн шарттар боюнча пикирин билдирди.

“15 жылдан бери спортчулардын бир күндүк тамагына 83 сомдон гана бөлүнүп келет. Ал эми түрмөдө жаткандарга 150 сомдон жогору каралган. Эмне үчүн элибиздин намысын коргоп, эл аралык мелдештерде желегибизди желбиреткен спортчуларыбызга көңүл бурбайбыз? Андыктан, бул жаатта кескин кадамдарга барып, колдоолорду күчөтүшүбүз зарыл”, – деди эл өкүлү.

Ошондой эле, депутат эл арасында спорт менен машыгууну модага айлантуу керек деп эсептейт.

«Кыргызстанда массалык спорт 10% гана өнүккөн. Биз аткаминерлер жарандар жумуштан кийин сыра ичпей, спорт менен машыкканга шарт түзүп беришибиз керек. Бул модага айланышы керек «, — деди Атазов.

Андан тышкары, спорттук федерацияларга көмөк көрсөтүү, спортчуларды караган медицина кызматкерлеринин санын көбөйтүү маселесин көтөрдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>