«Sputnik Молдова» агенттигинин башчысы Молдовадан чыгарылды

«Sputnik Молдова» агенттигинин башчысы Молдовадан чыгарылды

Россиянын бийлигине караштуу «Sputnik Молдова» маалымат агенттигинин жетекчиси Виталий Денисов Молдовадан чыгарылды. Бул тууралуу ал россиялык «РИА Новости» агенттигине билдирген.

Денисовдун айтымында, ал «улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет» деген жүйө менен өлкөдөн чыгарылган. Аны менен бирге ага Молдовага 10 жылга кирүүгө тыюу салынган.

Молдованын ИИМинин маалыматы боюнча, Денисов «Молдованын ички иштерине кийлигишип, өлкөнүн маалыматтык коопсуздугуна коркунуч жаратканына байланыштуу» депортацияланган.

Расмий Кишиневдин чечиминен кийин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Виталий Денисовдун депортацияланышына байланыштуу жооптуу чаралар көрүлөрүн билдирди.

Эскертке кетсек, 2022-жылы 24-февралда Россия Украинага кол салгандан кийин Молдованын Маалымат жаан коопсуздук кызматы «Sputnik Молдова» агенттигин бөгөттөп, ал аракетин «улуттук коопсуздукка тийиштүү туура эмес маалыматтардын» тарап кетүү тобокелдиги менен түшүндүргөн. Россиянын элчилиги Молдованын бийлигинин бул ишин сындап, айтылган айыптарды объективдүү эмес жана саясатташкан деп билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>