ТИМ: Москвадагы «Сахарово» борборунда Кыргызстандын 233 жараны кармалуудаСадыр Жапаров АКШга жумушчу сапары менен барды19-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуӨКМдин мурдагы башчысы Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуш үчүн кармалдыКыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» бренди түзүлүүдө. Азыр ал кайсы этапта?Эми кыргызстандыктар Түштүк Кореяга EPS системасы аркылуу ишке орношо алышат
Шаардык сот Олжобай Шакирдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты
13.09.2023 | 23:20
Бишкек шаардык соту жазуучу Олжобай Шакирдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.
Жактоочу Бакыт Автандил уулу билдиргендей, экинчи инстанция Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Эскерте кетсек, жазуучу Олжобай Шакир 23-августта үйүнөн УКМКга алынып кетип, бир нече саатка созулган сурактан кийин 48 саат камакка алынган. 24-августта Биринчи май райондук соттун чечими менен ал 23-октябрга чейин камалган.
Олжобай Шакир кармалардан мурда Ысык-Көлдөгү 4 пансионаттын Өзбекстанга 49 жылга ижарага берилишине каршы экенин айтып чыккан. Ошондой эле 31-августта митинг уюштурууну ниеттенген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар