Сулайманов: Кумтөрдү иштетпей жаап салуу керек

Сулайманов: Кумтөрдү иштетпей жаап салуу керек

Кумтөр алтын кенин иштетпей жаап салуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, дүйнө жүзүндө экологияны жакшыртууга аракет жүрүп жатканда, Кыргызстан жаратылышты талкалоодо.

“Бүгүнкү күндө экология биринчи орунга чыкты. Кытай 30 жыл иштеп триллиондорду тапса, бүгүн тапкан акчаларын экологиясын жакшыртууга жумшап, аны ордуна келтире албай жатканын түшүнүп экологияны сактагыла деп жатат. Жашыл экономика бүт дүйнөнү каптап жатканда, биз мөңгүлөрдү талкалап, аба менен сууну булгап жатабыз. Менин оюмча, биз соттошпой эле Кумтөрдү жаап салышыбыз керек. Биз дагы, алар да иштетпеши керек. Отуз жылда Кыргызстан 30 миллиард киреше тааптыр, келтирилген чыгым 5 миллиардка жакын деп көрсөтүп жатасыздар, эгер биз 50 пайыз кирешесин алганда деле бүгүнкү чыгашаларды толуктай албайт экенбиз. Биз зыян тартып жатабыз, эч кандай пайдасы жок. Биз жашыл экономиканы туура пайдалансак кирешени мындан көп табабыз. Өзүбүз иштетсек талап тонотууга кайра жол беребиз дагы жаратылышыбызды талкалап жок кылабыз”, — деди Сулайманов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>