Сунуш: Казылган алтындын 70% Кыргызстанга, 30% инвесторго

Сунуш: Казылган алтындын 70% Кыргызстанга, 30% инвесторго

Жогорку Кеңеште депутат Марлен Маматалиев демилгелеген “Кыргызстандын алтын кендеринен казылган алтындын 30 пайызы Кыргызстанга калсын” деген мыйзам долбоору талкууланып жатат. Ал ортодо дагы бир депутат Султанбай Айжигитов буга каршы чыгып тескерисинче Кыргызстанга 70 пайыз, инвесторго 30 пайыз калтырууну сунуштап чыкты.

Алтын кенинен түшкөн кирешенин канча пайызы мамлекеттики, канчасы иштеткен ишкананыкы деп үлүштөрүн толук жазышыбыз керек. Мен 30га 70 деп сунуш кылам. 30 пайыз инвесторго, 70 пайыз Кыргызстанга калсын! Ушинтин так жазышыбыз керек. Бирок, анын дагы өзүнчө шарттарын белгилеп кетсек болот. Маселен, Өзбекстан, Кытайдай болуп инвестор салган акчасынын 70 пайыз тапкычакты ага башкаруучулукту ишеним көрсөтүп беришибиз керек. Андан кийин калган Кыргызстандын үлүшүн кайтарып бере баштайт. Бул мыйзам алтынга гана тиешлүү болгондуктан дүйнө жүзүндө болуп жаткан каржылык система “тупикке” такалып турганда алтындын баасы күндөн-күнгө өсө берет”- деди Айжигитов.

Тэги: алтын үлүш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>