Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады«Мадина» базарынын айрым жерлеринде өрттү өчүрүү иштери улануудаБишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту«Мадина» базарындагы өрткө дрондордун жардамы менен мониторинг жүргүзүлүүдө
Жыл башынан бери Жогорку Кеңешти тейлөөгө 114 млн сом сарпталды
27.04.2022 | 15:47
Ушул жылдын үч айында Жогорку Кеңешти тейлөөгө бюджеттен 114 миллион 30,5 миң сом сарпталды. Мындай маалыматты Каржы министрлигинен билдиришти.
Ошону менен бирге, тиешелүү бөлүмдөр тарабынан ай сайын жарыяланган кассалык пландарга ылайык, январь-март айларында парламенттин аппаратынын чыгашалары 93 миллион 115,6 миң сом, ал эми жалпысынан Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы жана гаражын кошкондо 120 млн 843,1 миң сом пландалган.
Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин чыгашаларынын эң көбү – эмгек акы. Айлыкка бюджеттен түшкөн каражаттын 68%ы жумшалды. Жалпысынан үч айда Жогорку Кеңеш эмгек акы төлөөгө 77 миллион 595,5 миң сом коротту.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика