Сурамжылоо: Мадумаров менен Жапаровдун рейтинги өстү

Сурамжылоо: Мадумаров менен Жапаровдун рейтинги өстү

Эл аралык республикалык институт Кыргызстандагы жаңы изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады.

Аталган сурамжылоо 10-августтан 5-сентябрга чейин жүргүзүлгөн. Ага байланыштуу андан соң болгон окуялар, анын ичинде Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу агрессиясы, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүлгөндөн кийинки элдин маанайы сурамжылоодо чагылдырылган эмес. Сурамжылоого өлкөнүн бардык аймактарынан 18жаштан уулуу 1,5 миң киши катышкан. Анын жыйынтыгы 15-октябрда жарыяланды.

Сурамжылоодо Кыргызстандагы жашоо, саясий кырдаал, коррупцияга байланыштуу, ошондой эле кайсы саясатчы же коомдук ишмерге ишенич артасыз деген суроо берилген. Бул сурамжылоонун жыйынтыгы апрель айында жасалган изилдөөнүкү менен салыштыруу жүргүзүлгөн.

Жаңы сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, кээ бир саясатчылардын рейтинги көтөрүлсө, кээ бириники түшкөн. Маселен, президент Садыр Жапаровдун рейтинги апрель айына караганда 4%га өсүп, 38%ды түзгөн (апрелде – 34%). Ошондой эле депутат Адахан Мадумаровдун рейтинги 2%га көтөрүлүп, 10%ды түзгөн (апрелде – 8%).

Андан тышкары, рейтингге алгач ирет блогер Улукбек Карыбек уулу кирген. Ага сурамжылоого катышкандардын 2%ы ишенерин билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев (18%), Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев (2%), депутат Дастан Бекешев (2%), саясаттан четтеген Өмүрбек Бабановго (1%) ишенич арткандардын саны өзгөрүүсүз калган.

Депутаттар Нуржигит Кадырбековдун рейтинги 2%га (11%), Эрулан Кокуловдуку – 1%га (4%), Жанар Акаевдики 1%га (1%) азайган.

Ошол эле учурда «эч кимге ишенбейм» дегендер 13%ды түзсө (апрелде – 15%), «билбейм» жана «жооп берүү кыйын» дегендердин саны өзгөргөн эмес (17%).

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>