Жапаров шахтадагы кырсыкка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

Жапаров шахтадагы кырсыкка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көмүр кениндеги жарылуунун натыйжасында жумушчулардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Түркиянын Бартын провинциясынын Амасра районунда, көмүр шахтысында 14-октябрда орун алган  жарылуунун натыйжасында көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин  жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандарга тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Эскерте кетсек, аталган кырсык кечээ, 14-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:15те болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан каза болгондордун саны 40ка жеткен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>