«Кулун-Ата» коругунда илбирс менен күрөң аюу фотокапкандарга түшүп калдыКРдин эл артисти, балетмейстер Кубанычбек Сыдыков дүйнөдөн кайтты«Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда»: Кытайдын элчиси форумда сөз сүйлөдүУКМК эл аралык баңгизат сатуу каналы аныкталганын билдирдиКочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулдуКөңүл буруңуз! Көчмөндөр оюндары өтчү жайларга кандай буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат
Суучул Денис Петрашов АКШдагы мелдеште күмүш тагынды
18.02.2023 | 16:04
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШдагы Атланта конференциясынын чемпионатында (ACC) экинчи орун алды. Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынын билдиришти.
Денис 200 ярд (дээрлик 183 метр) аралыкка жарышка түшүп, күмүш байгеге татыган.
Мелдеш Атланта шаарында өткөн.
Федерациядан белгилешкендей, ACC League АКШнын Чыгыш жээгиндеги күчтүү университеттик командаларын бириктирип, Түндүк Америкадагы күчтүү үч лиганын бири болуп саналат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт