«Досум, “братым-сватым” эмес». Президент Алымкадыр Бейшеналиев боюнча пикирин билдирди

«Досум, “братым-сватым” эмес». Президент Алымкадыр Бейшеналиев боюнча пикирин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жөнүндө айткандары текшерилет. Бул тууралуу  Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал министр менен достук мамиледе эместигин айтты.

«Досум да эмес, “братым-сватым” да эмес. Жөн гана жакшы иштеген, коррупция менен уурулуктарга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн кармап жүрөм», — дейт президент.

Анын айтымында, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупция менен күрөшүүдө.

«Колунан келишинче аткарып атат. Ага каршылыктар абдан күч экенин барыбыз жакшы билебиз. Мен бул эле министрди коргоп аткан жокмун. Коррупцияга каршы күрөшкөн, уурулуктарды токтоткон бардык министрлерди коргойм», — дейт президент.

Президенттин пикиринде, министрлерге сын көп айтылса, алар иш кылбай коёт.

«Эптеп күн өткөрмөй башталат. “Тигил менен жаман көрүшпөй эле коеюн, муну менен жаман көрүшпөй эле коеюн” деген позицияга өтүп алып, эптеп убакыт өткөрүп жүрө бергендерди көрүп калбадыкпы», — дейт ал.

Бирок ага карабай депутат айткан маалыматтар текшерилип, аныкталса министр жазаланат.

«Эгер депутат айткандай ушул акчадан жеп койгону аныкталса жазалайбыз, төлөтөбүз. Биз бир дагы министрди коррупциясы же уурулугу үчүн коргогон эмеспиз жана коргобойбуз. Буга чейин канчалаган министрлер кетишти. Канчасы камалып чыкты көрүп эле атпайсыңарбы», — дейт Садыр Жапаров.

Президент Жусупбек Коргонбай уулунун сөздөрү такталбаса, анда эл өкүлү дагы жооп берерин белгийлет.

«Таяктын эки башы бар дегендей, эгерде депутат айткан айыптоолор тастыкталбаса анда ал дагы тийиштүү мыйзамдардын чегинде жазаланат. Антпесе ар кимдин аброюна шек келтирип коюп, унчукпай кутулуп кеткени адилетсиз болуп калат да», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>