Сузакта 42 үй-бүлөгө жардам берилди

Сузакта 42 үй-бүлөгө жардам берилди

Сузак районунда 42 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жардам Сузак РИИБдин Балдар менен иштөө инспекциясынын демилгеси менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, балдарды коргоо бөлүмүнүн колдоосу менен көрсөтүлдү.

“Сузак районунун аймагында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жаш өспүрүмдөргө, жашоо шарты оор абалда болуп жардамга муктаж болгон жалпы 42 үй-бүлөгө жардам беришти”, — деп айтылат билдирүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сузак

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>