Көк бөрү финалдарында аншлаг: Бает айылында түз эфир үчүн фан-аймак ачылатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тыйын эңмей: кыргызстандык Азим Эсенбек уулу күмүш байгеге ээ болдуКММ үзгүлтүксүз камсыздоо: «Ынтымак Ордодо» күйүүчү май рыногундагы абал талкууландыКыргызстандык Орозбек Алмазбеков казак күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болдуАсыл тукум мал жана кош дипломдор: КР менен Чувашия агроөнөр жай комплекси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү100 млн сом жана жаңы академия: Садыр Жапаров КРда шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду
Электрондук патентти смартфон аркылуу кантип толтуруп жана төлөм жүргүзсө болот? Инструкция
14.07.2022 | 17:07
Салык төлөөчүлөргө мындан ары салык кызматтарына улам каттай берүүнүн зарылчылыгы жок. Электрондук патентти MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн толтуруп жана төлөм жүргүзүүгө болот!
Тиркеме аркылуу документтин баасын эсептөөнү, аны толтурууну жана каражат төлөөнү сутканын каалаган убактысында, минималдуу аз убакыт аралыгында ишке ашыруу мүмкүн.
Электрондук патенттин баасын эсептөө, каражат төлөө жана документти алуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу жетиштүү:
- MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылоо (Google Play жана App Store’дон жүктөп алууга жеткиликтүү);
- «Төлөм» баракчасын, андан кийин «Атайын кызматтар» баракчасын ачып, «Электрондук патент» бөлүмүнө өтүү;
- салык төлөөчүнүн экономикалык иш-аракетинин түрү жана документтин жарактуу мөөнөттөрү тууралуу маалыматтарын жазуу;
- патентти толтурууну тастыктоо;
- реквизиттер жана төлөмдүн суммасы сервис тарабынан автоматтык түрдө түзүлөт, болгону транзакцияны тастыктоо керек.
Даяр!
Бизнесиңизге пайда келтирүү үчүн убактыңызды үнөмдөңүз. MegaPay’дин заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, кызмат акыларын телефондун балансынан төлөңүз!
Рубрики: Жаңылыктар, Коом