Сузакта 9-класстан окуучусу сабалып, каза болду. Милиция эмне дейт?

Сузакта 9-класстан окуучусу сабалып, каза болду. Милиция эмне дейт?

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сабалып каза болгон окуучунун өлүмүнө шектүү катары төрт окуучу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук милициянын 102 номерине Сузак районунун  тургуну чалып, 1-март күнү болжол менен саат 16:30да иниси — Сафаровка айылындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин 2008-жылы туулган Т.М. аттуу 8-классынын окуучусу мектептин аймагында өзүнө сырттан тааныш болгон балдар тарабынан сабалганын билдирген. Т.М. Октябрь аймактык ооруканасына жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон. Аны урган балдар окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул маалымат каттоого алынып, алдын ала текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерине тергөө-ыкчам тобу барып, кароо жүргүзүлгөн. 2008-жылы туулган Т.М.нын жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 1-март күнү болжол менен саат 14:00дө Сафаровка айылындагы эски мектептин имаратынын ичинде, Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин 10-классынын 2006-жылы туулган Д.М., Ю.Ж., 2007-жылы туулган С.А., А.Ө. аттуу окуучулары 2008-жылы туулган Т.М., И.Б., 2007-жылы туулган Э.Э. К.М., Ж.Т. аттуу 9-класстын окуучуларын бир катарга тизип алып «эмнеге түндө көчөгө чыкпай жатасыңар» деп сабаган. 2008-жылы туулган Т.М.ди урганда, ал жерге жыгылып, башы дубалдын кырына тийип жарылган. Ал алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Бул ишке шектүү катары Д.М.,  Ю.Ж., С.А. жана А.Ө. аттуу окуучулар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>