Сузакта милиция кой уурдап жүргөн топту кармады

Сузакта милиция кой уурдап жүргөн топту кармады

Жалал-Абаддын Сузак районунда 15 баш кой уурдаган топ балдар кармалды. Бул тууралу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сузак райондук милицияга 7 жаран арыз менен кайрылып, 20-сентябрдан 18-октябрга чейин үйлөрүнүн короосунан 15 баш кою уурдалганын билдирген. Уурдалган жандыктардын арасында баасы 100 миң жана 200 миң сомдук асыл тукум 2 кочкор болгон. Натыйжада жабырлануучуларга 650 миң сом зыян келтирилген.

Бул фактылар каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 20 жаштагы А.С., А.А., 19 жаштагы З.Н. жана 18 жаштагы А.А. аттуу жарандар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Уурдалган койлордун ичинен асыл тукум кочкорлор менен кошо бешөө табылып, өз ээлерине кайтарылып берилди», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>