Гипермаркеттин кассасынан акча уурдаган жигит видеого түшүп калган

Гипермаркеттин кассасынан акча уурдаган жигит видеого түшүп калган

Бишкекте 27 жаштагы жигит шаардагы дүкөндөрдүн биринин кассасынан акча уурдого шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-октябрда болжол менен саат 16:20да белгисиз жаран Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан гипермаркеттин кассасынан 45,8 мин сом уурдап кеткен. Бул окуя боюнча милицияга арыз жазылган.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы жигит кармалган. Октябрь райондук соттун чечими менен ал №1 тергөө абагына 2 айга камака алынган.

Милициядан билдиришкендей, учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштырга катыштыгы бар экени аныкталган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 0(508) 019 001, 0(502) 338 099, 0(709) 934 592 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>