Сузакта түндө мейманкананын эшик-айнектери талкаланды. Чоо-жайы

Сузакта түндө мейманкананын эшик-айнектери талкаланды. Чоо-жайы

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мейманкананын эшик-айнектерин талкалаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, райондук милицияга 30 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 4-майга караган түнү Бишкек — Ош жолунун боюнда жайгашкан мейманканага өзүн кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырган жаран келип, 5 миң сом акча талап кылып, мейманкананын бир нече эшик-айнегин талкалаган. Жыйынтыгында мейманкананын ээсине 100 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 29 жаштагы Н.Д. аттуу облус тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>