Ноокенде айылдашынын малын уурдаган шектүү кармалды

Ноокенде айылдашынын малын уурдаган шектүү кармалды

Ноокен районунун аймагында 2-3-май күндөрү «Селсаяк» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө мурда катталган уурулук фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш иши боюнча Ноокен районунун 66 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 1-апрель күнү саат 12:30 чамаларында талаада байланып турган баасы 40 000 сомдук торпогун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген. Дагы бир 55 жаштагы жаран 20-апрель күнү саат 15:00 чамасында үйүнүн жанында байланып турган 1 коюн козусу менен уурдап кетишкенин билдирген.

Бул фактылар Ноокен РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып,  кылмыш иши козголгон.

Ноокен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыш ишине шектелип Ноокен районунун тургуну 1982-жылы туулган Ж.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Уурдулган мал жандыктарын Момбеков айыл аймагында бекитип багып жаткан жеринен табылып, далил буюм заты катары акт түзүлүп алынды.

Мындан сырткары Ноокен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан коомдук жайларда спирт ичимдигин ичип алып жүргөндөр, кайыр сурагандар, түнкү убакыттарда себепсиз көчөдө жүргөн балдар текшерүүгө алынып, профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле жайлоого мал айдоо учурунда, жайыттарды пайдаланууда, чек арага жайын аймактарда мал жаюуда, акчага мал багууда жарандар ортосунда пикир келишпестиктер орун албоосу үчүн түшүндүрүү жумуштары алып барылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>