Сузактагы мугалимден таяк жеген окуучу боюнча Акыйкатчы үн катты

Сузактагы мугалимден таяк жеген окуучу боюнча Акыйкатчы үн катты

Акыйкатчы Атыр Абдырахматова Сузактагы мугалимден ур-токмокко кабылган окуучу кыз боюнча Фейсбуктагы баракчасы аркылуу ой-пикирин билдирип, мугалимди жоопкерчиликке тартылышы керектигин билдирди.

“Урматтуу туугандар, элим!! Качан токтолобуз?!  Жаш бала, кичинекейлерибиз, өспүрүмдөр буюм эмес, мал эмес, жеке менчик эмес, мүлк эмес! Эч ким баланы урганга, сөккөнгө, жаман сөз айтканга укугу жок!

Кордукта, укуктары чектеп тебелеп чоңойгон балдарыбыз кайтадан алсыз, умтулуусуз коом катмарын толуктайт, көздөрүндө, ойлорунда кыял, үмүт жок, адилетсиздиктин туңгуюгу гана болот.

Сузакта мугалим окуучу кызды сабаганы тууралуу Акыйкатчы институту коллегаларым мектеп директору, кыздын ата-энеси, райондук милиция менен байланышка чыгып маалымат топтошту. Эртең районодон текшерүү барат экен.

Мен Азербайджандамын, ошондуктан орун басардын колу менен эртең Акыйкатчыдан талап жөнөтүлөт- мугалим жоопкерчиликке тартылыш керек. Мектеп директору да жооп бериш керек, жетекчи катары мындай иш аракеттерди алдын ала токтотпой, балдарыбызды адам көрбөй, кыздарыбызга орой, теңсиз мамилени сиңиргендер — коомдо зордук-зомбулуктун түптөлүшүнө, күчөшүнө салым кошкондор”-деди.

Социалдык тармакта мугалим окуучуну сабаган видео тараган. Маалыматтарга караганда, окуя 23-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы  Бөкөнбаев орто мектебинде болгон. Билим берүү жана илим министрлиги атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген болчу.

Сузакта мугалим мектеп окуучусун сабаган видео тарады

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>