Сүйүнчү! Үзүр Жусупбеков Олимп оюндарына жолдомо утуп алды

Сүйүнчү! Үзүр Жусупбеков Олимп оюндарына жолдомо утуп алды

Грек-рим балбаны Үзүр Жусупбеков Дүйнөлүк лицензиялык мелдеште Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Жусупбеков 97 кг салмакта күч сынашты. Ал лицензия үчүн беттеште германиялык Лукас Лазогианис менен күрөшүп, аны 8:4 эсебинде жеңди. Бул жеңиши менен Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүнөн Кыргызстанга төртүнчү жолдомону алып берди.

Буга чейин грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков 60 кг, Акжол Махмудов 77 кг жана Амантур Исмаилов 67 кг салмакта Олимпиадага жолдомо уткан. Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы 10 лицензия бар.

Стамбулда өтүп жаткан мелдеште ар бир салмакта үчтөн балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: эки лицензияны финалга чыккан спортчулар алат жана коло байгеге татыган эки балбан бири-бири менен беттеш өткөрүп, жеңүүчүсү үчүнчү жолдомонун ээси болот.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча Дүйнөлүк лицензиялык мелдеш Олимпиадага жолдомо ойнотулган соңку турнир болуп саналат. Бул мелдеште балбандарга Париждеги Олимп оюндарына лицензия алууга акыркы мүмкүнчүлүк берилүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>