Эңилчек айылындагы мектеп Starlink спутниктик интернетине биринчи болуп кошулдуКыргызстандын кайсы облусунда күнөсканалар эң көп? 2026-жылдын статистикасы«Кереметти күтпөңүз»: дарыгер үй-бүлөнү пландоодогу башкы каталар тууралууМанас шаарында селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилдиКыргызстандык окуучулар Сочидеги биология олимпиадасында ийгилик жаратыштыОшто акча алмаштыруучу жайдын ээси бычакталып өлтүрүлдү
Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков Олимпиаданын коло байгесин утту (видео)
06.08.2024 | 23:48
Грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарынын коло байгесин утту.
Шаршенбеков 60 кг салмакта күч сынашты. Ал 5-августта, күрөштүн биринчи күнүндө килемге чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштады. Биринчи беттешинде казакстандык Айдос Султангали 6:3 эсебинде жеңди.
Андан кийин чейрек финалда румыниялык Резван Арнаутту 9:0 эсебинде утту.
Финалга чыгуу үчүн япониялык Кеничиро Фумита менен кез келип, бирок 3:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды. Ошентип ал үчүнчү орун үчүн күрөшө турган болду.
Коло үчүн беттеш 6-августта өтүп, Жоламан Шаршенбеков ирандык Мехди Мохсен Нежад менен кез келди. Шаршенбеков ирандык атаандашын 3:1 эсебинде жеңип, Олимпиаданын коло байгесин утту.