Сыраны милдеттүү маркалоонун негизинде 129 млн сом чогулду

Сыраны милдеттүү маркалоонун негизинде 129 млн сом чогулду

Быйыл үч айда сыра ичимдиктеринен 129,4 млн сом акциз салыгы чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бул көрсөткүч белгиленген пландан жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге ашыкча аткарылган.

«Жыйымдардын өсүшү 2023-жылдын 1-январынан тартып сыра продукциясын милдеттүү маркалоону киргизүүнүн негизинде камсыздалды. Мындан тышкары, салык органдары тарабынан алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүнө көзөмөлдүн күчөтүлүшү салыктын чогултуунун эки эсе көбөйүшүнө алып келди», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл 1-январдан тартып ТЭИ ТН 2203 товардык позициясына кирген сыраны өндүрүү жана импорттоо акциздик жыйымдын маркасы менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш. 1-июлдан тартып сыра продукциясынын маркаланбаган калдыктарын сатууга тыюу салынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>