Тайырбек Сарпашев Финполдо 3 сааттан ашык сурак берди

Тайырбек Сарпашев Финполдо 3 сааттан ашык сурак берди

Кечээ, 9-декабрда мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финпол) үч сааттан ашык сурак берди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Сарпашев өзүнө коюлган айыптарга байланыштуу өз позициясын коргогонго аракет кыларын билдирди.

Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кайсы иштер боюнча сурак болгонун так айткан жок.

«Сурак башталганда эң биринчи документке анын купуялуулугу тууралуу кол коюп бересиң. Ошого байланыштуу мен эч нерсе деп айта албайм. Ишти үстүртөн да айтып бере албайм. Бул юридикалык маселе. Мен андан аттай албайм. Бирок бул процесс уланат. Иш жаңыдан гана башталды. Тергөө бүтүп, сотко кеткенден кийин ачык айтылат. Бирок мен тергөөдө бардык суроолорго ачык жооп бергенге даярмын. Мени буга чейин эки жолу депутаттык комиссия да текшерген. Мен үчүн бул көнүмүш адат», — деди Сарпашев.

Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашевге мыйзамсыз баю боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал мамлекеттик кызматта турган учурда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алып туугандарына каттаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>