Тайырбек Жумашбек уулу Бишкектеги мелдешти утуп, экинчи жолу Азия чемпиону болду

12.04.2024 | 18:47

Эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) Бишкекте өтүп жаткан Азия биринчилигинде алтын утту.

Жумашбек уулу таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи беттешинде түндүк кореялык спортчуну 5:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда ирандык спортчуну 11:7 эсеби менен утту.

Алтын үчүн кармашта Тайырбек Жумашбек уулу казакстандык Асыл Айтакын менен кез келип, аны 3:1 эсебинде жеңди.

Тайырбек Жумашбек уулу Бишкектеги жеңиши менен экинчи жолу Азия чемпиону болду. Ал былтыр да Казакстанда өткөн Азия биринчилигинде жеңүүчү болгон.

Азыр Кыргызстандын куржунунда Бишкектеги Азия биринчилигинен 1 алтын, 2 коло бар. Буга чейин Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов коло байге тагынган.

Бишкекте 11-апрелде башталган Азия чемпионаты 16-апрелде жыйынтыкталат. 11-12-апрелде эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер жана 15-16-апрелде грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтөт.

Scroll to Top