Талант Иманов министрликке жактырылды (РЕЗЮМЕ)

Талант Иманов министрликке жактырылды (РЕЗЮМЕ)

Жогорку Кеңеш Санариптик өнүктүрүү министрлик кызматка Талантбек Имановдун талапкерлигин жактырды.

53 депутат “макул” деген добуш берди.

Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлигин Дастан Догоев жетектеп келген. Ал өз ыктыяры менен кызматтан кеткенден соң, Талантбек Иманов ордун милдетин аткаруучу болуп аркалап жаткан. Президент Садыр Жапаров Имановду бул кызматка көрсөткөн.

Талантбек Иманов 1986-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Үч-Кайнар айылында туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) юридикалык факультетин аяктаган.

2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарларында ротанын сержанты болуп кызмат өтөгөн.

Эмгек жолу:

2008-2010-жылдары «Дастан» ТНК ААКтын күзөт кызматынын кызматкери;

2010-2011-жылдары — «Газпром Нефть Азия» ЖЧКсынын технологиялык транспорт бөлүмүнүн башчысы;

2011-2014-жылдары «Улан» ААКда режим боюнча директордун орун басары;

2014-2017-жылдары – «Полигон» ЖАКтын башкы директору;

2018-2020-жылдары — бир эле убакта «Улан» ААКнын башкы директору, «ТНК Дастан» ААКтын өнүктүрүү боюнча директору;

2020-жылдын мартынан бери — «ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>