Талант Мамытов Жогорку Кеңештин спикери болду

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин спикери болду

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин спикерлигине шайланды. Мындай чечим бүгүн, 29-декабрда парламенттин жыйында кабыл алынды.

Добуш берүүгө 87 эл өкүлү катышты.

Талант Мамытовго 63 депутат, Адахан Мадумаровго 10 депутат добуш берди.

Бардыгына каршы 14 добуш берилди.

Талант Мамытов 1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. 1983-жылы Майлуу-суу шаарындагы №5 орто мектепти бүтүрүп, 1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук Университетинин юридика факультетине тапшырган.

Эмгек жолу:

• 2000-жылы Баткен облустук прокуратурасында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткарууну көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштөө менен баштаган.

• 2001-2002-жыл — Жалал-Абад облусунун прокуратурасынынмыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмгө прокурор.

• 2002-2004-жыл — Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчүсү.

• 2004-2005-жыл — Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы.

• 2005-2006-жыл — Кыргызстандын башкы прокуратурасынын уюштурууну камсыз кылуу жана Эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүнүн прокурору.

• 2006-жыл – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары.

• 2006-2007-жыл — Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары.

• 2007-2009-жыл — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору.

• 2010-жыл, январь — прокуратура органдарынан өз каалоосу боюнча бошогон.

• 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата-Журт» саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.

• 2013-жылдын 20-августунда депутаттык мандаттан ажыратылган.

• 2015-жылы — «Республика — Ата-Журт» партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;

• 2020-жылдын 4-ноябрынат тарта Жогорку Кеңештин төрагасы;

• 2020-жылдын 14-ноябрынан тарта КР президентинин милдетин аткаруучу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>