Видео — Камактагы активисттердин жакындары акцияга чыгышты

Видео — Камактагы активисттердин жакындары акцияга чыгышты

Бүгүн, 30-августта Бишкектеги Максим Горький атындагы эс алуу багында камактагы активисттердин тарапташтары, туугандары акцияга чыгышып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.

Акцияга келгендер президент Садыр Жапаровго кайрылышып, активисттер Адилет Балтабай, Ырыс Жекшеналиев, Тилекмат Куренов жана башка камакта отурган активисттерди бошотуу суранышты.

Буга чейин алар өкмөт үйүнүн алдында акцияга чыгууну пландашкан. Бирок, милиция кызматкерлери өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынганын айтып, уруксат берген эмес.

Эскерте кетсек, активист Адилет Али Мыктыбек массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип 30-июнда камакка алынган. Ал эми активист Ырыс Жекшеналиев фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланганы үчүн кармалып, иш козголгон. Ал эки айга камакка алынган. Ал эми Тилекмат Кудайберген уулу “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу “бийликти кулатууга чакырган” деп айыпталып, 2021-жылдын 15-мартында кармалган. Ошол бойдон камакта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: акция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>