Талас: Аялын сабап өлтүргөн милиционерге соттун өкүмү чыкты

Талас: Аялын сабап өлтүргөн милиционерге соттун өкүмү чыкты

Таласта жубайын сабап өлтүргөн МАИ кызматкери 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.  Бул тууралуу Reporter.kg’ге Талас облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас шаардык сотунун 26-августта чыгарган өкүмү менен Ж.А.К. аттуу айыпталуучу жаран «адам өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жыл 6 айга кесилди. Анын жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөй турганы белгиленип, жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 29-декабрынан тарта эсептелери каралган. Өкүм чыкканга чейинки камакта кармоонун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө барабар деп эсептелинген.

«Буюм далил заттарын жарым-жартылай жок кылуу чечими кабыл алынган. Ал эми эки уюлдук телефон менен  видеокөзөмөл аппаратурасы соттолуучу А.Ж.га кайтарылган», — деп айтылат маалыматта.

Окуя 2021-жылы 29-декабрда болгон. Анда 1992-жылы туулган келиндин каза болуп, денесин кароо учурунда уур-токмоктун издери бар экени такталган. Кийинчерээк кылмышка шектелип маркумдун күйөөсү кармалган. Шектүү 1988-жылы туулган Ж.А., Талас ОИИБдин жол кайгуул кызматкери экени белгилүү болгон.

Кийинчерээк милиционердин аялын сабап жатып өлтүргөн видеосу чыккан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: КООМ , ОКУЯЛАР
Тэги: сот өкүмү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>