Талас: Убактылуу кармоочу жайдагы абал нормага жооп бербейт

Талас: Убактылуу кармоочу жайдагы абал нормага жооп бербейт

Талас облусундагы кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайдын бөлмөлөрү ным, төшөнчүлөрү кир, керебет менен төшөк жетишисиз. Бул туурасында Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган борбор текшерүүгө барган кезде убактылуу кармоочу жайда кармалгандар жана иштегендер үчүн жуунучу бөлмө иштебей турган. Кафелдер сынып, крандары жулунган. Колго жасалган суу жылыткычтар техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп бербейт. Бөлмөлөр санитардык нормага жооп бербейт.

Быйыл 14-апрелде уюм  Талас облустук прокуратурасына кат жиберген, бирок, эмнегедир убактылуу кармоочу жайдагы абал өзгөрүүсүз калганын билдиришүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>