Чүй — Гоголь кесилишиндеги жол кырсыгы: Mercedes жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, беш адам жабыркадыАт майдан, арена жана Кырчын: Адылбек Касымалиев ДКӨгө даярдыкты текшерди — сүрөтӨКМ: Бишкектин борборундагы курулушта чыккан өрт өчүрүлдү — жабыркагандар жокБишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун курулушу аяктап калдыБишкектин борборунда курулуп жаткан имараттан өрт чыкты — видеоИндонезиядагы жер титирөө: каза болгондордун саны 20га жетти
Таласта 16 жаштагы кызды 35 жаштагы эркек ала качып кеткени айтылууда (видео)
07.10.2019 | 12:49
Таласта 16 жашар кызды 35 жаштагы адам ала качып кеткени айтылууда. Бул тууралуу Фейсбуктагы “БеспределKG” баракчасына видео жүктөлүп, окуя кайсы жерде болгону жазылган эмес.
Андагы видеодо көшөгө илинген бөлмөдө жаш кызга бир-нече аял жоолук салууга аракет кылып жатканы жана кыздын аларга каршылык көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. Мындан сырткары ошол эле бөлмөдө бир нече эркек кишилердин ырдап жатканын жана “кармагыла”деп кыйкыргандарын угууга болот.
Учурда социалдык тармактын колдонуучулары видеонун астына, кызды ала качкандарды сот жобуна тартууну талап кылган ар кандай пикирлерди калтырышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар