«Кыргызстандын ЖОЖдору КРСУдан үлгү алышы керек» — Маматалиев «Жаштык Аренадагы» бүтүрүү кечеси тууралуу27-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +38°C чейин жетип, айрым жерлерде өткүн өтөт27-июлда Кыргызстанда абанын температурасы +38°ка чейин жетет, жаан айрым райондордо гана күтүлөтКараколдо заманбап шаардык пляж ачылды — сүрөттөрЫсык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийди
Таласта 9 уй жана 26 кой уурдаган шектүүлөр кармалды
14.08.2023 | 17:22
Талас районунда мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-июль күнү милицияга Талас районунун Талды-Булак жана башка айылдарынан 6 тургун арыз менен кайрылып, июнь жана июль айларынын ичинде жалпысынан 9 баш уй жана 26 баш койду белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.
Аталган фактыларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция шектүү катары Талас районунун жана Айтматов районунун 26 жаштагы А.И., Т.А., Б.Т. уулу аттуу тургундарын кармаган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз