Жасалма ПЧР тест саткан 18 жаштагы жигит кармалды

Жасалма ПЧР тест саткан 18 жаштагы жигит кармалды

Манас райондук милициясы ПЧР тестин жасалма кылып сатып жүргөн  адамдарды кармашты. Бул тууралуу Талас облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура жана Манас районунун аймагында белгисиз адамдар, автотранспорт айдоочуларына “COVID-19” ПЦР анализинин жасалма жыйынтыгын мамлекеттик чек арадан өтүү  үчүн сунуштап, 500 дөн (беш жүз) 1500 (бир миң беш жүз) сомго чейин сатып жүрүшкөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пункутун жанында жайгашкан тез татым   башыруучу имаратында Э. А.  аттуу жаран жасалма ПЦР анализдерин 1500 (бир жарым мин) сом акча каражатына сатып жүргөндүгү аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

18-март күнү Э.А. иштетип жаткан тез татым  имаратына тинтүү жүргүзүү учурунда  тез татым бышыруучу имараттын ичинен жасалма ПЦР тесттер табылып чыккан.

Мындан сырткары, бул кылымыш  ишине Манас районунун  Май айылынын тургуну 2003-жылы туулган  М.Д.  катыштыгы бар экендиги аныкталып, М.Д. турак жайына тинтүү жүргүзүү учурунда “НР” үлгүсүндөгү ноутбук жана принтер табылып алынган.

Шектүү Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ПЧР анализинин жыйынтыгынын үлгүлөрүн өзүнө таандык ноутбугуна интернет тармагынан жүктөп алып, аларды жарандардын атына жасалмалап даярдап, түстүү принтердин жардамы менен басып чыгарып,  А.Э.  аркылуу жарандарга  сатып жүргөн.

Аталган факты 359-берене менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кармалган   жарандар тергөөдө сурак берип жатканы айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>