Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышат

Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышат

Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ушул жылдын 8-майында расмий сапар менен Россияга барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Алдыдагы сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалууда.

Өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошондой эле Россия Федерациясынын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылууда.

2023-жылдын 9-майында Москва шаарында Мамлекет башчысы ардактуу конок катары Жеңиш Парадына катышат», — деди Муратбек Азымбакиев.

Садыр Жапаров Жеңиш күнүнө карата Орусияга сапары пландалган жалгыз чет элдик лидер болуп жатканын «Ведомости» басылмасы жазган.

Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадында жалгыз конок болот

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>