Эркин медианын ишине эч кандай чектөө коюлган жок, — Султанбаев

Эркин медианын ишине эч кандай чектөө коюлган жок, — Султанбаев

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев министрликтин “Азаттык” редакциясынын сайтын 2 айга жабуу чечимин комментарийледи. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, азыр да бар жана келечекте да болот.

“Сөз эркиндиги ар дайым жоопкерчилик түшүнүгү менен ажырагыс байланышта экенин эстен чыгарбоо зарыл.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эркин медианын ишине эч кандай чектөө коюлган жок. Болгону бардык жарандарга жана юридикалык жактарга бүгүнкү иштеп жаткан мыйзамды кынтыксыз аткаруу талабы гана коюлуп жатат.

Мунун негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Баткен облусундагы 2022-жылдын 14-17 — сентябрь күндөрүндөгү окуялар тууралуу чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандыгына байланыштуу, хостинг провайдер тарабынан сайттын ишин эки айга токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Мыйзам катаал, бирок мыйзам деген мыйзам”, — деп жазган ал.

Кыргызстанда бүгүн, 28-октябрда саат 9:00дөн 12:00гө чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жаңылыктарды жарыялоону токтотту.

Акциянын алкагында айрым ЖМКлар мамлекеттик органдардын пресс-релиздерин бир сутка бою жарыялоодон баш тартышты.

Көрсөтүлгөн убакыттын ичинде кабардын ордуна #күччындыкта #силавправде хештег менен “Жаңылык чыкпайт, медиага кысым күчөдү” деген текст чыгарышты.  Акция «Азаттык» сайтын бөгөттөө тууралуу чечимине байланыштуу жарыяланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>