Таласта коррупцияга шектелип төрт адам кармалды. Алар кимдер?

Таласта коррупцияга шектелип төрт адам кармалды. Алар кимдер?

Талас шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Кылмыш кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталды.

«Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. алдын ала сүйлөшүүлөргө барып, акчалай сыйлыктар үчүн муниципалдык жер тилкелерин айрым жеке ишкердик жүргүзгөн субъекттерге «жер тилкелери үчүн ижара акысын тарифтештирүүнү мыйзамсыз жана өз алдынча аныктоо жолу менен, башкача айтканда, ижара акысынын баасын төмөндөтүп, ишкерлерден белгилүү бир сый акы алып, муну менен жергиликтүү бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиршип» жана түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн ыйгарып алышкан», — деп айтылат маалыматта.

Ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, жогорудагы коррупциялык схеманын натыйжасында 2020-2022-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 30 миллион сомдон ашкан.

Шектүү катары вице-мэр Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. кармалды.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалгандарга карата баш коргоо чарасын тандоо каралууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Талас УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>