Бишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталууда
Майлуу-Суудагы кырдаал бюджетке дээрлик 44 млн сом зыян келтирди
30.01.2023 | 15:00
Майлуу-Суу шаарында таза суу жана жылуулук берүүнүн токтошунун кесепетинен улам мамлекетке 43 миллион 821 миң 843 сом зыян келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, инженердик кызматтардан келтирилген зыян 15 миллион 377 миң 910 сомду, калыбына келтирүү иштеринин суммасы 1 миллион 834 миң 628 сомду, экономикалык зыян 26 миллион 609 миң 304 сомду түзгөн.
Эске салсак, 12-январда катуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарынын калкына таза суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган. Буга байланыштуу 13-январда шаарга өзгөчө кардаалдар режими киргизилген. Арадан 11 күндөн кийин 23-январда бардык от казандардын иши калыбына келтирилген.
Майлуу-Суунун эли 6 күндөн бери суусуз, жылуулуксуз отурат, – депутат
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Коом